Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, Президентин Иш башкармасынын салттуу жайкы спартакиадасына жигердүү катышышты!
Спорттук иш-чарада биздин команда төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты:
- Футбол
- Волейбол
- Теннис
- Кол күрөш
- Женил атлетика
- Аркан тартыш
- Дартс
Жыйынтыгында:
- Аркан тартыш боюнча — 1-орун!
- Теннис боюнча — 2-орун!
Ал эми калган спорт түрлөрү боюнча да кызматкерлер мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү!
Бул жеңиштер — командабыздын биримдигинин, күч-аракети менен эрктүүлүгүнүн ачык далили!
Бардык катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Алга, күчтүү команда!