Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик имараттар департаментинде кызматкерлер арасында спартакиада болуп өттү.
100дөн ашуун кызматкер футбол, волейбол, аркан тартыш, кол күрөш жана үстөл тенниси боюнча күч сынашты.
Жеңүүчүлөрдү департаменттин директору Чынберди Толонович Толонов диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.
Бул иш-чара кызматкерлердин биримдигин чыңдап, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түздү.