Департамент жөнүндө

2004-жылдын 13-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу К.Мамыркуловдун № 283 буйругу менен Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.
 
2021-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 151 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын Президентинин  Иш башкармасына караштуу имараттарды пайдалануу жана тейлөө борбору" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” деп өзгөртүлгөн.

Департаменттин негизги милдеттери:

Коомдук имараттарды жана жайларды эффективдүү, сарамжалдуу пайдаланууну камыз кылуу жана мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) жана башка уюмдардын мамлекеттик имараттарына жайгаштыруу;

Департаменттин функциялары:

  • коомдук имараттарды жана жайларды сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну, ошондой эле алардын талаптагыдай санитардык-гигиеналык жана техникалык жактан жакшы абалда иштешин камсыз кылуу;
  • мамлекеттик имараттарды жана жайларды эксплуатациялоону камсыз кылуу менен алардын техникалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
  • коомдук имараттарды жана жайларды сарамжалдуу пайдаланууга, ошондой эле мамлекеттик органдар менен алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ортосундагы аянттарды туура бөлүштүрүү;
  • мекеме тиешелүү чечим кабыл алган учурда айрым мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
  • мамлекеттик мүлктүн (анын ичинде имараттардын жана жайлардын) эсебин жүргүзүү жана мамлекеттик органдар тарабынан анын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо;
  • мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн, пайдаланылган мамлекеттик имараттардын жана жайлардын реестрин (маалымат базасын) жүргүзүү;
  • мамлекеттик органдардын, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик имараттарды жана жайларды пайдалануусу боюнча маалыматтар банкынын электрондук маалымат системаларын киргизүү жана жүргүзүү;
  • мамлекеттик имараттарда жана жайларда курулуш-монтаждоо, оңдоо-калыбына келтирүү жана пландык-алдын алуу, долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү;
  • жаңы курулуш, курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө тапшырыкчынын, подрядчынын жана техкөзөмөлдүн функцияларын аткаруу.

Дополнительная информация:

Департаменттин балансында 70 мамлекеттик имарат бар:

  • Жалпы аянты - 178 875,4 кв.м.,
  • Пайдалуу аянты – 92554,3 кв.м.;
  • Жер участогунуну аянты – 182 992,8 кв.м.

Жалпы штат бирдиги -366,5:

  • Административдик башкаруу персоналы-4;
  • Техникалык тейлөө персоналы - 45 бирдик;
  • Кичи тейлөө персоналы - 317

Дарек: Кыргыз Республикасы,

Бишкек ш., Киевская к. 96А; Индекс: 720040;

e-mail: office@dgz.gov.kg

Тел/факс:  (0312) 66-07-39/66-07-40