«Мамлекеттик имараттар департаменти» жалпы республикалык ишембиликке катышты

Иш-чарага 375 кызматкер тартылып, жыйынтыгында 1 тонна 200 кг таштанды чыгарылды. 680 даана бак-дарак акталып, айлана-чөйрө тазаланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү: газон, туя жана гүлдөр тигилди.

Ишембилик жогорку деңгээлде уюштурулуп, ынтымактуу жана жакшы маанайда өттү. Иш-чарага ишкананын жетекчилиги да активдүү катышып, үлгү көрсөттү.

Мындай демилгелер айлана-чөйрөнү коргоого жана жамааттык биримдикти чыңдоого чоң салым кошот.